• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жазгы-талаа иштеринде дыйкандарда күйүүчү-майлоочу майдан көйгөй жаралбайт – Айыл чарба министри

Коом 0

Бишкек, 14-февраль /Кабар/. 2017-жылы жазгы-талаа иштерине 42,5 миң тонна күйүүчү-майлоочу май талап кылынат. Бул жаатта көйгөй жаралбайт. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев билдирди.

Анын айтымында, жазгы-талаа иштерин жүргүзүүдө КММ жетишсиздиги маселеси чечилген. “Биз өлкөнүн Нефтетрейдерлер ассоциациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, меморандум түздүк. Мындан тышкары, “Газпром” компаниясы менен кызматташтык тууралуу келишимге макулдаштык. Күйүүчү-майлоочу май боюнча көйгөй жаралбайт”,-деди ал.

Ошондой эле, министр эгер фермерлер майды нефтебазалардан сатып алышса, анда баасы 2 сомго, ал эми май куючу жайлардан алышса 40 тыйынга арзан болот деп маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий