• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

”Жазуучу тууралуу 90 суроо”: Бишкекте Айтматовдун чыгармачылыгына арналган флешмоб өттү

Коом 0

Бишкек, 13.12.18./ Кабар/. Бишкек шаарынын студенттери жана мектеп окуучулары Айтматовдун 90 жылдыгына карата ”Жазуучу тууралуу 90 суроо” аттуу флешмоб уюштуруп, залкар жазуучунун чыгармачылыгы жаш муундун арасында да популярдуу экендигин көрсөтүштү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, флешмоб жазуучу тууралуу тасманы көрсөтүү менен башталды.

Агенттиктин директору Канат Аманкулов белгилегендей, кечээ, 12-декабрда бүткүл дүйнө жүзү Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүн белгиледи.

“Мен баарыңарды улуу жазуучунун “Адамга эң кыйыны- күн сайын адам болуу” деген сөздөрүн эстеп жүрүүгө чакырам. Баардык материалдык, социалдык жана башка абалга карабастан дайыма адам болууга умтулгула”, - деди Аманкулов.

Суроо-жооп викторинасына студенттер, окуучулар жана коноктор катышты. Алар берилген суроолорго бат-бат жооп берип, өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүштү.

“Өсүп келе жаткан муун жазуучунун чыгармаларын гана эмес, анын өмүр таржымалын да кызыгуу менен окугандыгы кубандырат. Суроо-жооп оюнунан кийин иш-чаранын катышуучулары жазуучуга арналган ырларды жана чыгармалардан үзүндүлөрдү окуп беришти”, - деп билдиришти ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий