• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жазы дарыясынын жээктерин бекемдөө үчүн 20 техника тартылды

Аймак 0

Бишкек, 1-май /Кабар/. Ош-Бишкек унаа жолунун 610-чакырымында Өзгөн районунун Жазы айыл аймагындагы Жазы дарыясынан өтүүчү көпүрөнүн 200 метр жогору жагынан 2017-жылдын 28-апрель күнү жаап жаткан жаандын кесепетинен Жазы дарыясынын суунун деңгээли көтөрүлүп жээкти жеп, 35 кВ жогорку чыңалуудагы электр мамычага жеткен. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Жээкти бекемдөө үчүн КР ӨКМден 9 даана самосвал, Өзгөн райондук суу чарба кызматынан 3 даана Хово унаалары менен таш ташылып, КР ӨКМден 1даана бульдозер,1 даана экскаватор, Өзгөн шаардык мэриясынан 1 даана экскаватор, №5 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 4 даана самосвал техникалары иш алып барышууда.

Учурда суунун деңгээли турукташып калган.

2017-жылдын 30-апрель күнү ӨКМдин 9 даана самосвалы менен 16 каттам таш жеткизди. 100 метр тосмо курулду. Жалпы 20 техника тартылган.

Пикир

Оставить комментарий