• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жазы-Кечүү айылына жарык жеткирүү иштери кызуу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. Жазы-Кечүү айылына жарык жеткирүү иштери кызуу жүрүүдө, бүгүнкү күнгө карата 230 даана 10 кВ электр мамычалар орнотулду. Бул тууралуу “Жалалабатэлектр” ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, Базар-Коргон районуна караштуу Жаз-Кечүү айылы электр энергия менен камсыз болгон эмес. Анткени, аталган айылга бара турган жол жок болгондуктан, айыл эли ушул кезге чейин электр жарыгы жок жашап келишет.

«Жалалабатэлектр» ачык акционердик коому өз күчү менен жарык жетпеген Жазы-Кечүү айылын электр энергиясы менен камсыз кылуунун аракетин көрүүдө. Жумуш ушул жылдын июнь айында башталган, учурда жол каттамынын таатал, шартынын катаал экендигине карабастан кызматкерлер тынымы жок иштеп жатышат.

Сузак районунун Кыз-Көл айылы тарабынан аба электр чубалгысын тартуу жумуштары жүрүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин, 10 кВ электр мамычалардан 230 даананы орнотуп бүтүштү, кошумча 4 техника иш алып барууда.

Жалпысынан А 35, 50 жана АС 120 көлөмдөгү 18 чакырым аба чубалгысы тартылып, 10 кВ 900 даана электр мамычалар орнотулуп, 35 кВ 4 даана электр мамыча курулат. Айыл ичине 100 кВА кубаттуулуктагы 1 даана 160 кВА кубаттуулуктагы 2 даана трансформатор коюлат.

Электр энергиясы Сузак районуна караштуу Ак-Тоок айылындагы 35/10 кВ «Келдибек» көмөк чордонунун Кара-Көл фидеринен берилет.

«Жалалабатэлектр» ААКы куруу жумуштарына Көк-Арт район электр тармактар кошумча бригадалык топ түзөт. Долбоор 25 млн сомду түзөт, каржылоо «Жалалабатэлектр» ААКынын эсебинен ишке ашырылууда.

Белгилей кетүүчү жагдай, айыл райондун борборунан 100 чакырым алыс жайгашкан. Бул айылда 101 түтүн 500гө жакын эл жашайт. Ал эми ушул айылдын четинде 36 түтүн отурукташкан, алар Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө карайт. Жалпысынан 137 түтүн электр энергияга муктаж.

Пикир

Оставить комментарий