• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жазында Ташкентте БА мамлекет башчыларынын экинчи консультативдик жолугушуусу өтөт

Саясат 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. 2019-жылдын жаз айларында Өзбекстандын Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи консультативдик жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов Бишкекте өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусунда, бул иш-чара БА өлкөлөрү ортосундагы өз ара кызматташууну бекемдөө жана аны сапаттуу жаңы баскычка көтөрүүгө багытталган.

“Консультативдүү жолугушуунун алдында Эл аралык “Борбордук Азиядагы өз ара кызматташуу: чакырыктар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр” аттуу конференция өтөт. Конференция Ташкентте 19-20-февраль күндөрү өтүп, ал жакка белгилүү эксперттер, анын ичинде Кыргызстандан барган серепчилер да катышат”, - деди ал.

Андан тышкары элчи белгилегендей, 2019-жылы Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы "Жибек визаны" ишке киргизүү пландалууда.

“Кыргыз тараптын шенген визанын борбор-азиялык аналогуна кошулууга ниети бар. Мындай кадамдар биздин регионго келген чет элдик туристтердин санын көбөйтөт деген чоң ишеним бар”, - деп кошумчалады ал.

Комил Рашидов өзгөчө белгилегендей, бул жылы Ташкентте премьер-министрлердин деңгээлинде эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөт аралык комиссияны өткөрүү пландалууда.

“Тараптар Кыргызстан жана Өзбекстандын өкмөт башчылары тарабынан 2018-жылдын 18-декабрында кол коюлган “Жол картасын” ишке ашырууга киришишти”, - деп билдирди Рашидов.

Пикир

Оставить комментарий