• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жеңил атлетчи Дарья Маслова Кытайдагы эл аралык марафондо үчүнчү орунду алды

Спорт 0

Бишкек, 03.12.18 /Кабар/. Кыргызстандык жеңил атлетчи Дарья Маслова Кытайдын Куньмин шаарында өткөн эл аралык марафондо үчүнчү орунду алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) III Куньмин эл аралык марафону 2-декабрда ѳттү. Марафондо 52 өлкөдѳн жана региондордон 20 миңден ашык адам катышты. Мелдештерге 42 чакырым (марафон), 21 чакырым (жарым марафон), 7 чакырым жана 2,6 чакырым чуркоолор киргизилген.

Кыргызстандан марафонго жеңил атлетчилер Дарья Маслова жана Адилет Кыштакбеков катышкан.

Маслова марафонду 2 саат 40 мүнѳт 57 секунда натыйжа менен аяктап, аялдар ичинде үчүнчү орунга ээ болду. Адилет Кыштакбеков биринчи он адамдын катарына кирип, натыйжада 2 саат, 33 мүнөт, 12 секунда менен тогузунчу болуп чуркап келди.

Эркектер жана кыз-келиндер марафонунда Эфиопиянын ѳкүлдѳрү жеңишке ээ болушту.

Эскерте кетсек, бул марафон кыргыз атлеттеринин кезектеги ШКУ марафону болду. Маслова 2016-жылы күмүш медалга ээ болгон, ал эми Кыштакбеков 2017-жылы марафондун жеңүүчүсү болгон.

Пикир

Оставить комментарий