• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдеште бишкектик спортчулар байгелүү орундарга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 05.10.22. /Кабар/. Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада Олимпиада оюндарынын чемпиону Мария Пинигинанын - Кулчунованын байгеси үчүн 15 жашка чейинкилер арасындагы жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдеш өттү.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, спорттук иш-чарага Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 140тан ашуун спортчу катышты. Мелдештин максаты - жеңил атлетиканы жайылтуу, мыкты спортчуларды аныктоо болуп саналат.

Мелдеште Бишкектеги С.Жуманазаров атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин окуучулары байгелүү орундарга ээ болду:

- Кира Кочергина - 300 метрге с/б чуркоодо - 1-орун;

- Егор Побежимов – 100 метрге, 200 метрге чуркоодо - 1-орун;

- Ярослав Вепренцев - 400 метрге чуркоодо - 1-орун.

- Билал Шарабидинов – 400 метрге, 800 метрге чуркоодо - 3-орун;

- Байзак Мырзаалиев - 100 метрге чуркоодо - 3-орун;

Эстафеталык жарышта окуучулар 2-3-орунга ээ болду.

Пикир

Оставить комментарий