• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жеңил атлетика боюнча курама команда Ысык-Көлдө машыгууларын өткөрүп жатат — сүрөт

Спорт 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу жыйынын өтүп жатышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Машыгуулар эл аралык мелдештерге ийгиликтүү даярдануу максатында өткөрүлүүдө.

Жыйын 20-февралда башталып, 10-мартка чейин уланат.

Белгилей кетсек, курама команда улук машыктыруучу Айбек Сыргакбековдун жетекчилиги алдында Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш-сапарга жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий