• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жеңил унаа, тез татым жайы күйгөн. Сутка ичинде катталган өрт кырсыктары

Кырсык 0

Бишкек, 26.11.20. /Кабар/. Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 16 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 18 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Мамытов көчөсүндө "Опел Астра" үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Ленин районунун Ак-Ордо-1 конушундагы Таштар-Ата көчөсүндө үйдүн 30 чарчы метр мончосу толугу менен күйгөн.

Ал эми Бишкектин Товарный көчөсүндө жалпы аянты 210 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн.

Нарын шаарынын Шералиев көчөсүндөгү "Супер хошан" тез тамактануу жайынын 15 чарчы метр шыбы, газ плита жана электрондук тараза өрттөнгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий