• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жеңилдетилген ипотеканы берүү токтотулган жок

Экономика 0

Бишкек, 09.04.19. /Кабар/. Бюджеттен каражат келип түшпөгөнүнө карабай Мамлекеттик ипотекалык компания "Жеткиликтүү турак үй" программасынын алкагында насыя берүүнү токтоткон жок. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКсы башкармалыгынын төрагасынын орун басары Гүлнара Нуркулова билдирди.

Ал белгилегендей, бөлүнгөн каражат бюджеттен келип түшпөгөнүнө карабай 507 млн. сомго насыя берилген.

"112 млн. сомдук 83 насыя январь айында, 200 млн. сомдук 139 насыя февралда берилди. Март айында 68 млн. сомдук 50 насыя берилди. Андан тышкары, банктар да келишимдин негизинде өз каражаттарынан насыя беришүүдө. Учурда коммерциялык банктар 200 млн. сом бөлүп беришти", - деди.

Пикир

Оставить комментарий