• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

"Жеңиш эңсеп ар мүнөтүн өткөргөн": Согушка катышкан чоң атасын эскерген небересинин ыр сабы

Жеңишке 75 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл толуп отурат. Мындан улам согушта курман болгондорду эскерүү, алардын эрдигине таазим этүү жана ардагерлерге сый-урмат көрсөтүп, камкордук кылуу биздин негизги милдетибиз эмеспи.

Улуу Ата Мекендик согушка 1942-жылы аттанган Жусупбек Жамгырчиевдин эрдигин, Берлиндеги Эльба дарыясынын жээгине чейин жетип, фашисттик Германияга туруштук берген ардагердин небереси Султан Жусупбеков төмөнкүчө эскерет.

Жамгырчиев Жусупбек Жамгырчиевич 1910-жылы 19-майда Талас облусунун Сары-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Чоң уруусу Саруу, кичи уруусу Мандалак.

Тарыхыбыздын татаал күндөрү, чоң атамдын кырчындай болгон 31 жашына туш келген. Мекенин, жерин сүйгөн, тарыхын барктаган инсан катары атуулдук милдетин аткарууга согушка аттанган. Фашисттик Германияга каршы күрөшүү үчүн 1942-жылы фронтко чакырылып, генерал Чуйковдун башкаруусунда артиллерист болгон.

Тайманбастан, чын дили менен кызмат өтөгөн. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Берлиндеги Эльба дарыясынын жээгине чейин жетип, фашисттер менен согушуп келген. Согушта көргөн ар күнүн дайыма эскерет эле.

Чоң атама

Кызыл жылдыз, алтын орден баа жеткис,

Чоң атам асыл жансың, ардагым.

Арман кылып кете бердиң бул өмүрдөн,

Кала бердиң түпкүрүндө жүрөгүмдүн.

Баскынчылык кара жолун торошуп,

Аттанышты азаматтар майданга.

Эл-жер үчүн жан аябай күрөшүп,

Жеңиш эңсеп ар мүнөтүн өткөргөн.

Буюрган бул турмуштун оор мезгилинде,

Эне жерин, Ата Журтун бийик туткан.

Тайманбастан Эльба жээгине чейин жетип,

Чоң атам жеңиш менен кайткан.

Элин коргоп жоо сайган - баатыр болот,

Эзелтен жоо бетинде эл намысын коргойт.

Эскергин, эстей жүргүн ар качан,

Элим барда унутулбас баатырлар.

Чоң атам 1945-жылы декабрь айында айылыбызга кайтып келген. Балким, согуштун караанынан улам чоң атам оор басырыктуу, терең ойчул, орду менен сүйлөп, маани-мазмуну менен кеп түйөр эле. Дайыма алдыга карай умтулчу.

Согуш алдында чоң апам Асылкан менен баш кошкон. Артынан туяк калышын тилеп, беш эркек, бир кыздуу болушкан. Перзенттик парзын аткарып, балдарына мээримин төгүп, татыктуу тарбиясын берип келген. Ар бирин жогорку окуу жайына окуткан. Билим-илимге зор маани берген. Чоң атамдын көрөгөчтүгү менен кыраакылыгы, чоң апамдын мээрими менен акылмандыгы бизге терең сиңип, акыл-насааты бүгүнкү күнгө чейин кулагыбызга күмүш сырга бойдон калууда. Арийне, ата-эненин таман акы, маңдай тери менен кылган иштери унутулбас, акталбас...

Пикир

Оставить комментарий