• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жеңиш эстафетасынын символу Кыргызстанга келди. Сүрөт

Жеңишке 75 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Жеңиш эстафетасынын символу Кыргызстанга келди. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланышт бөлүмү билдирет.

Мааалыматк ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган эл аралык акция Брест (Беларусь Республикасы) жана Мурманск (Россия Федерациясы) шаарларынан 5-февралда эки багыт боюнча старт алган жана ал КМШ өлкөлөрүнүн тышкы чек араларын бойлоп өтүүдө.

Ар күн сайын эстафетанын символун улам бир жаңы шаарда тосуп алышууда. Эстафета символун алып жүрүүчүлөр 10 өлкөнүн эстелик жайларын кыдырып чыгышат. Жеңиш эстафетасын, бүгүн, 2-майда, кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги “Ак-Тилек-автожол” көзөмөл өткөрүү жайынан кыргыз чек арачылары Казакстандын чек арачыларынан салтанаттуу түрдө кабыл алышкан.

"Бүгүн Бишкекте Жеңиш аянтындагы Өчпөс оттун жанында Жеңиш эстафетасын тосуп алуу салтанаты өттү. Эстафетанын символун кабыл алып жатып Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Жеңиш эстафетасы КМШ өлкөлөрүнүн тышкы чек араларын бойлой миңдеген чакырымдарын өтүп жатып Шериктештиктин чек ара коопсуздугун камсыздаган тышкы чек аранын сакчыларынын күч аракетин биримдиктүү кылууга өбөлгө болуп келүүдө деп белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Жеңүүчүлөр муунунун эрдиги – кыргызстандык чек ара сакчыларына үлгү болуп келет. Ошондуктан чек ара заставаларына Улуу Ата Мекендик согуштун жоокерлери - Кутан Торгоев, Осмон Лайлиев, Жаманкул Дженчураев, Мансуз Ванахун, Анварбек Чортековдун ысымдары ыйгарылган.

Бул баатырлардын эрдиги чек арачылардын жаш муунун шыктандырып, аларда чек арада кызмат өтөгөндөрүнө сыймыктануу сезими калыптанышына жана улуу муунду урматтого тарбиялайт.

Кыргызстандын аймагында Жеңиш эстафетасы 2-майдан 7-майга чейин Бишкек жана Ош шаарларында өтөт.

Ош шаарында КР МЧКнын Ош облусу боюнча башкармалыгында Жеңиш эстафетасын тосууга арналган салтанаттуу митинг өтөт. Мамлекеттик чек аранын бардык периметриндеги КР МЧКнын бүт тарамдарында “Биздин эсибизде, биз сыймыктанабыз” аталышта тематикалык кечелер өтөт.

7-майда “Бордобо-автожол” көзөмөл өткөрүү жайында Жеңиш эстафетасын Кыргызстандын чек арачылары Тажикстандын чек арачыларына өткөрүп беришет.

"Тилекке каршы, коронавирус инфекциясынын таралышына жол бербөө чаралары көрүлүп жаткандыгына байланыштуу эскерүү иш-чараларына коомчулукту кеңири тартуу мүмкүн болбоду. Бирок бул көрүнүш акциянын максатына - Улуу Ата Мекендик согуштагы фашизмге каршы элдин баатырдык күрөшү жөнүндө эс тутумду сактоого, КМШ өлкөлөрүнүн элинин биримдигин жана достугун бекемдөөгө тоскоолдук болгон жок. Жеңиш эстафетасын өткөрүү чек арачылар үчүн салт болуп калган, анын башаты 1936-жылдан бери келе жатат (Улуу Ата Мекендик согушка чейин бул спорттук иш-чара катары өткөн). Бүгүнкү күндө болсо Жеңиш эстафетасы – бул 1941-жылы июнь айында биринчилерден болуп душманды тоскон чек арачыларга таазим кылуу болуп саналат. Масштабдуу аскердик-патриоттук Жеңиш эстафетасы акциясы 28-майда Москва шаарында “Белгисиз жоокердин күмбөзү” мемориалдык комплексинин жанында соңуна чыгат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий