• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жеңиш эстафетасынын символу Ош шаарына келди. Сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Жеңиш эстафетасынын символу Ош шаарына келди. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын (МЧК) коомчулук жана ЖМК менен байланышт бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, Жеңиш эстафетасын тосуп алуу салтанаттуу аземи КР МЧКнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын базасында өттү.

“Жеңиш эстафетасынын Ош шаарына келиши – бул биздин шаардын жана облустун тургундары үчүн маанилүү окуя, себеби дээрлик ар бир үй-бүлөнүн жакын адамдары майданга кеткен. Бул жакта болсо, тылда, эвакуация болгон эшалондорду тосуп алып, аларды жайгаштырышып, майдан талаасына керектүү нерселердин баарын жөнөтүп турушкан”, - деп белгиледи өз сөзүндө МЧКнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Ильгиз Талипов.

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган эл аралык акция Брест (Беларусь Республикасы) жана Мурманск (Россия Федерациясы) шаарларынан 5-февралда эки багыт боюнча старт алган жана ал КМШ өлкөлөрүнүн тышкы чек араларын бойлоп өтүүдө.

Кыргызстандын аймагында Жеңиш эстафетасы 2-майдан 7-майга чейин Бишкек жана Ош шаарларында өтүп жатат.

7-майда “Бордобо-автожол” көзөмөл өткөрүү жайында Жеңиш эстафетасын Кыргызстандын чек арачылары Тажикстандын чек арачыларына өткөрүп беришет.

"Тилекке каршы, коронавирус инфекциясынын таралышына жол бербөө чаралары көрүлүп жаткандыгына байланыштуу эскерүү иш-чараларына коомчулукту кеңири тартуу мүмкүн болбоду. Бирок бул көрүнүш акциянын максатына - Улуу Ата Мекендик согуштагы фашизмге каршы элдин баатырдык күрөшү жөнүндө эс тутумду сактоого, КМШ өлкөлөрүнүн элинин биримдигин жана достугун бекемдөөгө тоскоолдук болгон жок. Жеңиш эстафетасын өткөрүү чек арачылар үчүн салт болуп калган, анын башаты 1936-жылдан бери келе жатат (Улуу Ата Мекендик согушка чейин бул спорттук иш-чара катары өткөн). Бүгүнкү күндө болсо Жеңиш эстафетасы – бул 1941-жылы июнь айында биринчилерден болуп душманды тоскон чек арачыларга таазим кылуу болуп саналат. Масштабдуу аскердик-патриоттук Жеңиш эстафетасы акциясы 28-майда Москва шаарында “Белгисиз жоокердин күмбөзү” мемориалдык комплексинин жанында соңуна чыгат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий