• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жеңиш күнү Бишкекте “Жеңиш вальсы” акциясы өттү

Коом 0


Бишкек, 9-май /Роман Гайнанов – Кабар/. Жеңиш күнү Бишкекте “Жеңиш вальсы” акциясы өттү.

Бий флешмобунун алкагында Кыргызстандын борборунун 1 миңден ашык студенти “Жеңиш вальсын” аткарышты. Уюштуруучулар белгилегендей, бул иш чара муундардын, өлкөлөрдүн жана элдердин жер планетасындагы тынчтык үчүн биримдигин чагылдырат.
Быйылкы жылы “Жеңиш вальсы” акциясы үчүнчү ирет өтүп жатат. Бий шоусуна Бишкектин 15 ЖОЖунун студенттери катышышты.

Акцияны салтка айлангандай “Евразиялыктар - жаңы толкун” фонду Бишкек мэриясы жана КР Билим берүү жана илим министрлиги менен өнөктөштүктө уюштурууда.

Пикир

Оставить комментарий