• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жеңиш күнүнө карата көк бөрү мелдеши: Биринчи лигада "Алкан Ата" командасы үчүнчү орун алды

Спорт 0

Бишкек, 08.05.19. /Кабар/. Жеңиш күнүнө карата Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча мелдештин Биринчи лигасында "Алкан Ата" командасы үчүнчү орун алды.

"Алкан Ата" командасы үчүнчү орун үчүн "Ат-Башы" менен ойноп, аларды 3:0 эсебинде утуп алды.

Белгилей кетсек, көк бөрү боюнча финалдык оюндар эртең болуп өтөт. Анда Жогорку лигада "Ынтымак" менен "Достук" жана Биринчи лигада "Кара-Буура" менен "Көл-Төр" ойнойт.

Пикир

Оставить комментарий