• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жеңиш Разаков 3-ДКО учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 10.08.18 /Кабар/ Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча Ыкчам штабдын кеңешмесин өткөрдү.

Вице-премьер-министр белгилегендей, алдыдагы оюндар өлкө үчүн жалпы мамлекеттик маанидеги иш-чара болуп саналат, анда ар түрдүү мамлекеттердин спортчуларынын, ошондой эле жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн расмий делегацияларынын катышуусу күтүлүүдө.

«Оюндарды өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн ыкчам штаб түзүлгөн. Биздин алдыбызда зор жана жооптуу иштер турат. Мелдештерге даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча акыркы чараларды көрүү зарыл. Өлкө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын алгачкы жолу өткөрүп жатпаганын эске алуу менен, тийиштүү укук коргоо органдары алардын алдындагы милдеттерин чечүү үчүн кандай иштөө керектигин билишет», - деди Жеңиш Разаков.

Кеңешменин жүрүшүндө штабдын мүчөлөрү тарабынан алдыдагы оюндарга даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилиндеги негизги иш-чаралардын Планын аткаруунун жүрүшү талкууланды.

Вице-премьер-министр үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө тартылган бардык түзүмдөрдүн аткаруучулук тартибине өзгөчө көңүл бурду.

Мындан тышкары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү мезгилиндеги негизги иш-чаралардын Планын аткаруу боюнча коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого тийиштүү маалыматтарды белгиленген мөөнөттө берип туруу тапшырылды.

Ошону менен бирге вице-премьер-министр үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларынын алкагында мелдештерди өткөрүүгө тартылган ар бир мамлекеттик органдардын өкүлдөрү курамына кирген локалдык штабдарды уюштурууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий