• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жеңиш Разаков «Азия Ньюс» гезитин сотко берди

Өкмөт 0

Бишкек, 16.08.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков сот органдарына ар-намысты жана кадыр-баркты коргоо боюнча «Азия Ньюс» гезитине карата доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Эске сала кетсек, буга чейин басылма Жеңиш Разаковдун Тажикстан атайын кызматтарына тиешеси бар делген анык эмес маалыматты жарыялаган.

Басылмага карата доо арыздын суммасы 10 млн сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий