• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жеңиш Разаков Беларусиянын элчиси Андрей Страчко менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 25.09.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Беларус Республикасынын элчиси Андрей Страчко менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуу учурунда тараптар алдыдагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-беларус биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын 9-жыйынын өткөрүүнү талкуулашкан.

Вице-премьер-министр өкмөттөр аралык комиссиянын Кыргызстан жана Беларустун ортосундагы өз ара пайдалуу экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө багытталган негизги ролун белгилеген. Ошондой эле анын төрагалыгынын статусунун республикалардын вице-премьер-министрлерине чейин жогорулатылышы өкмөттөр аралык органдын ишине оң таасир берерине ишеним билдирген.

Өз кезегинде элчи Андрей Страчко, беларус тараптын кыргыз делегациясын кабыл алууга даярдыгын билдирген. Ал өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын өткөрүү үчүн беларус тарапка ылайыктуу күндү белгилеп, иш-чарага даярдыктын жүрүшү тууралуу айтып берген.

Ошондой эле тараптар эки жактуу кызматташтык боюнча кыргыз-беларус алакаларын талкуулашкан. Өлкөлөрдүн интеграциялык биримдиктин жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара иштешүүсүнүн маанилүүлүгү белгиленген.

Мындан тышкары жолугушуунун жүрүшүндө эки мамлекеттин ортосундагы маданий диалогду активдештирүү жана келечекте Беларус Республикасында Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасында Беларус Республикасынын маданий күндөрүн өткөрүү тууралуу сөз болгон.

Пикир

Оставить комментарий