• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жеңиш Разаков КМШ Экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 15.09.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков кечээ, 14-сентябрда, Москва шаарында (Россия Федерациясы) тажик тараптын төрагалыгы алдында өткөн КМШ Экономикалык кеңешинин 79-жыйынына катышты. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар салыктык башкарууну, эркин соода аймагы тууралуу Келишимди ишке ашыруу, КМШ Экономикалык сотунун ишмердиги жана башка маселелерди талкуулашты.

Мындан тышкары тараптар 2017-жылга карата «Уран казуу өндүрүшүнүн таасирине кабылган мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо» Мамлекеттер аралык максаттуу программасын ишке ашыруу тууралуу отчет боюнча тиешелүү чечим кабыл алышты.

Кабыл алынган чечимге ылайык, 2017-жылы Программаны ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча өлкөнү рекультивациялоо объекттеринде жумушчу иш-кагаздары иштелип чыгып, «Кажы-Сай» калдык сактоо жайында иштерди инженердик камсыздоо иш-чаралары башталды, «Туюк-Суу» калдык сактоо жайына баруучу технологиялык жолдордо текшерүүлөр жүргүзүлдү. Программа КМШ мүчө-мамлекеттеринин колдоосунда ишке ашырылууда, анын экинчи баскычы 2023-жылга чейин эсептелген.

Ошондой эле жыйындын алкагында КМШ мүчө-мамлекеттеринин делегация башчылары айрым КМШ өлкөлөрүнүн соода-көргөзмө борборлорун, анын ичинде Москва шаарындагы Бүткүл россиялык көргөзмө борборунда жайгашкан «Кыргызстан» павильонун калыбына келтирүү жана оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий