• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жеңиш Разаков: Коомдук кеңештер – мамлекет жана жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу аспаптарынын бири

Өкмөт 0

Бишкек, 10.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков КРнын Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Жеңиш Разаков белгилегендей, мамлекеттик органдарга караштуу мындай кеңештердин иш алып баруусу мамлекеттин жана жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу аспаптарынын бири болуп саналат.

"Жалпы укук коргоо тутумун, анын катарында ички иштер органдарын реформалоо жаатында, ар бир жарандын пикири биз үчүн абдан маанилүү, анткени укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугу көбүнэсе коомчулуктун пикиринен көз-каранды", - деди вице-премьер-министр.

Вице-премьер-министр ички иштер органдары алдында турган милдеттенмелерди, анын ичинде тутумду реформалоодо үзгүлтүксүз негизде көмөк көрсөтүп жаткан Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин ролун белгиледи. Кеңешменин жүрүшүндө Коомдук кеңештин мүчөлөрү милициянын көчмө кабылдамалары, ички иштер органдары тарабынан жарандарды кабыл алуу, милициянын участкалык инспекторлорунун милдеттери, КРнын "Кыргыз Республикасынын полициясы жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыгуу тууралуу маселелерди талкуулады.

ИИМ Коомдук кеңешинин мүчөлөрү бүгүнкү күндө жарандарды кабыл алуу иши жетишсиз деңгээлде жүргүзүлүп жаткандыгын, кабыл алынып жаткан чечимдердин ачыктыгы тутуму жоктугун, жарандарды кабыл алуу маселеси боюнча калк менен кайтарым байланышуунун ырааттуу тутуму орун албай жаткандыгын белгилешти. Мындан тышкары, милициянын участкалык инспекторлорунун ишин социалдык мүнөздөгү кылмыштардын алдын алууга багыттоо зарылдыгы тууралуу маселе көтөрүлдү.

Жыйынтыгында КРнын ИИМне бир айлык мөөнөттө милициянын көчмө кабылдамалары үчүн айдоочуларды берүү, алдын ала жазылуу аркылуу кезек иретинде график боюнча жетекчилик тараптан жеке кабыл алууларды уюштуруу, Коомдук кеңештин милиция жөнүндө жаңы мыйзамды иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик комиссияны түзүү жана аны КРнын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү жаатындагы сунушун иликтөө тууралуу маселелерди кароо тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий