• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жеңиш Разаков: Кыргызстанда жыл башынан бери 2,2 миң өзгөчө кырдаал болуп, 100 ашык адам каза болду

Коом 0

Бишкек, 4-май /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери 2 миң 225 өзгөчө кырдаал болуп, 100 адамдын өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу бүгүн вице-премьер-министр Жеңиш Разаков парламенттин жыйынында депутаттардын суроосун жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдын ушул мезгилинде 35 өзгөчө кырдаал катталып, 10 адам каза болгон. Быйылкы жылы ӨКМ тарабынан 152 адам куткарылса, 2016-жылы 160 адам куткарылган. Өзгөчө кырдаалдар келтирген материалдык зыян 260 млн сомду түздү. Өткөн жылы бул көрсөткүчтөр 36 млн сомду түзгөн.

Жер көчкүлөргө карата вице-премьер-министр 1990-жылдан 2016-жылга чейин 26 жылдын ичинде 518 жер көчкү катталганын белгиледи. Ал эми 2017-жылдын 4 айында 134 жер көчкү катталган.

Пикир

Оставить комментарий