• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жеңиш Разаков Кырсыктардын тобокелдигин кыскартуу күнүнө арналган жыйынга катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 5-октябрда, Кырсыктардынтобокелдигин кыскартуу күнүнө арналган илимий-практикалык конференцияга катышты.

Вице-премьер-министр белгилегендей, акыркы жылдары глобалдык жана улуттук деңгээлдеги өзгөчөкырдаалдардын өсүүсү байкалууда жана ал климаттын өзгөрүү таасиринен улам күч алууда.


«Тилеккке каршы, өзгөчө кырдаалдар материалдык жоготууларды гана алып келбестен, адамкурмандыктарына да алып келүүдө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кырсык тобокелдигинкыскартуу боюнча иш-чаралар жыйындысын өткөрүүсүз өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө мүмкүнэместигин түшүнүү менен кырсыктарды кескин кыскартуу, анын учурунда адам курмандыктарынжана экономикалык жоготууларды азайтуу үчүн зарыл комплекстүү чараларды кабыл алууда», - депбелгиледи Жеңиш Разаков.


Вице-премьер-министр белгилегендей, глобалдык стратегиялык документтерге ылайык, 2018-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүүкоргоого алуу концепциясы кабыл алынган.


Мындан тышкары, анын айтымында, 2017-жылдын 5-октябры Кырсыктардын тобокелдигинкыскартуу күнү катары жарыяланган жана ал жыл сайын майрамдалат, жарандык коргонуу боюнчаченемдик-укуктук база өркүндөтүлүп, кырсыктын алдын алууга басым жасалып, мониторинг,болжолдоо жана эртелеп маалымдоо маселесине көңүл бурулууда.

«Белгилеп кетсек, бүгүнкү илимий-практикалык конференция Кыргыз Республикасы тарабынан ишкеашырылып жаткан кырсык тобокелдиктерин кыскартуу боюнча иш-чаралар комплекси менен биргеликте кырсык тобокелдиктерин кыскартуу жаатындагы жаңы жолдорду издөө жана тажрыйбаалмашуудагы бардык кызыкдар тараптардын күч-аракеттеринин мисалы болуп саналат», - депкошумчалады Жеңиш Разаков.

Пикир

Оставить комментарий