• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жеңиш Разаков Penal Reform International уюмунун аймактык директору Азамат Шамбилов менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 28.09.18 /Кабар/ Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Борбор Азиядагы Penal Reform International (PRI) уюмунун аймактык директору Азамат Шамбилов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соттук-укуктук реформалар алкагында өз ара аракеттешүү маселелерин козгошту. Ишке ашырылып жаткан PRI долбоорлорун талкуулоо учурунда Жеңиш Разаков өлкөдө Пенитенциардык форум өткөрүүдөгү уюмдун өзгөчө салымын белгиледи. Ал белгилегендей, кылмыштык сот адилеттиги тутумун реформалоону илгерлетүү эл аралык тажрыйбасы биз үчүн пайдалуу болот.

«Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын артыкчылыктарынын бири – анын концепциясына ылайык, жазалардын альтернативалык түрлөрүн киргизүү болуп саналат. Буга байланыштуу жаңы укуктук институт – пробациянын ролу зор болот», – деп белгиледи вице-
премьер-министр.

Азамат Шамбилов учурда уюм тараптан пенитенциардык тутумга гана эмес, соттук-укуктук реформанын башка субьектилерине да көңүл бурулуп жаткандыгын билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын алкагында күч-аракеттерди бириктирүү жөнүндө келишимге кол коюшту.

Маалымдама: PRI 1989-жылдан бери иштеп келе жаткан көзкарандысыз эл аралык уюм болуп саналат. Өз ишмердүүлүгү алкагында ал дүйнөдөгү жазык адилеттүүлүгүнүн көйгөйлөрүн чечүү максатында сунуштарды иштеп чыгып, алга жылдыруу менен алектенет. Аталган уюм БУУ жана Европа Кеңешине караштуу консультативдик макамга ээ.

Пикир

Оставить комментарий