• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жоробеков экстремизмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык "Хидаят" уюмунун директору менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 17-июнь күнү ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенү боюнча кызматынын начальниги Жеңиш Жоробеков экстремизмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык "Хидаят" уюмунун директору, Абу-Даби эмиратынын атынан Бириккен Араб Эмиратынын Федералдык улуттук кеңешинин мүчөсү Али Рашид Аль-Нуайми менен жолугушту. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталагн жолугушууга КРнын Бириккен Араб Эмиратындагы элчиси Абдилатиф Жумабаев, ИИМдин Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги Нурбек Жангабылов, эки тараптын ведомстволорунун башка өкүлдөрү дагы катышты.

Тараптар кызматташуунун перспективдүү багыттарын, эки тараптын кычыкчылыгын жараткан практикалык тажрыйба жана маалыматтар менен алмашуу, эл аралык терроризм жана экстремизм менен күрөшүү чөйрөсүндөгү мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

ИИМдин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, жолугушуу достук жана иштиктүү маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий