• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жеңиш Жоробеков Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты болуп дайындалды

Коом 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча кызматынын жетекчиси, милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусундагы Сузак районундагы коменданты болуп дайындалды. Аныи Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров жарандык коргонуу боюнча облустук штабдын жыйынында тааныштырды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын жана Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди.

Өзгөчө абал киргизилгенде же мыйзамда көрсөтүлгөн кризистик кырдаал түзүлгөндө Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы ички иштер органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын, улуттук коопсуздукту, жарандык коргоону, өзүнүн компетенциясынын алкагында улуттук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын ыкчам башкаруунун жана координациялоонун жогорку органы болуп саналат.

Өзгөчө абал режимин камсыздаган күчтөрдү жана каражаттарды бирдиктүү башкарууну ишке ашыруу үчүн өзгөчө абал киргизүү жөнүндө акт кабыл алган, чыгарган орган же кызмат адамы тарабынан өзгөчө абал киргизилген аймактын коменданты дайындалат.

Пикир

Оставить комментарий