• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош облустук милициясынын жетекчиси Кара-Суу районунун жашоочулары менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 09.12.21. /Кабар/. Кечээ, 8-декабрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги Жеңишбек Абитов Кара-Суу районунун Талдык айылынын жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу облустук милициянын басма сѳз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, эл менен жолугушууга Кара-Суу райондук администрациясынын башчысы - аким Турусбек Ногоев жана Кара-Суу районунун ишкана мекемелердин жетекчилери дагы катышып, элдин көйгөйгөйлүү маселелерин угушту.

Жеңишбек Абитов жыйындын катышуучуларына облустук милиция тарабынан аткарылып жаткан иштер, Ички иштер министрлигинде жүргүзүлүп жаткан реформа боюнча кенен маалымат берди.

Ошондой эле ал 2021-жылдын 1-декабрынан тартып күчунө кирген Кылмыш кодексттердеги жаңыланган беренелери, эле жарандардын көйгөйлөрүн жеринде чечүүдө милициянын кѳчмѳ кабылдамасынын ролу, үй бүлөлүк-зомбулуктун алдын алуу, мал уурулуктарга бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, жол кырсыктарын болтурбоо боюнча иш-аракеттер туурасында элге тааныштырып кетти.

Ал жергиликтүү элдерге кайрылып, көйгөйлүү маселелерди ордунда чечүү үчүн ушул жолугушууларды өткөрүп жаткандыгын билдирип, милиция кызматкерлери эл менен кандай иш алып барып жатышкандыгын жана кандай жардамдар берилип жаткандыгын сурады.

Жергиликтүү тургандар кыш мезгилинде жол тазалоо учурунда, жерди гана тазалап, жөө адамдар жүрүүчү жер тазаланбай жаткандыгын, мектеп окуучулары мектепке келип кетүүдө кыйналып жатышкандыктарын, андан сырткары жолго атайын орнотулган жол кыймыл эрежелеринин белгилерин коюп берүүнү суранышты.

Бул суроого Ош ОИИБдин ЖКККБнын начальниги Авазбек Досов жооп берип, бул маселелер боюнча 2021-жылдын 9-декабрь күнү Ош ОИИБдин ЖКККБнын тиешелүү кызматкери келип тактоо иштерин жүргүзѳөрүн, жол белгилери керектүү болгон жерлерди тактап, тиешелүү органдарга кайрыла тургандыгын билдирди.

Жыйындын аягында элдер жолугушууну уюштургандарга жолдун алыстыгына карабай жакындан кабар алып кѳйгѳйлѳрдү чечүүгѳ болгон аракеттерине ыраазычылыктарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий