• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жеңишке 75 жыл: Ардагерлер менен ооруктун эмгекчилери КР жана РФнын мааракелик медалдары менен сыйланат

Жеңишке 75 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 6-майда, Кыргызстандын шаарлары менен райондорунда аскер комиссариаттары менен биргеликте жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана аларга теңештирилген адамдарды, ошондой эле ооруктун эмгекчилерин «1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» мааракелик медалы менен сыйлоо иштери башталды.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, ошол эле маалда ардагерлер менен ооруктун эмгекчилерине Россия Федерациясынын Президентинин атынан «1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» мааракелик медалы тапшырылат.

Россия тараптын аталган медалды уюштуруу жана жасап чыгуу демилгеси 2018-жылдын 28-сентябрында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин чечими менен бекитилген. Медаль жалпы КМШ аймагына бирдиктүү болуп саналат.

Эске салсак, 2020-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана аларга теңештирилген адамдарды «1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» мааракелик медалы менен сыйлоону ишке ашырат.

Кыргызстанда сыйлана турган согуш ардагерлеринин (согуштун катышуучулары, майыптар, концлагерлердин жашы жетпеген туткундары жана Ленинград блокадачылары) жалпы саны 234 адам.

Ошондой эле 1769 ооруктун эмгекчилери сыйланат.

Пикир

Оставить комментарий