• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жеңишке 75 жыл. Бүгүн Кыргызстан боюнча “Жеңиш күнү” ыры жаңырат

Жеңишке 75 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 9-май Улуу жеңиш күнүнүн 75 жылдыгын майрамдоодо Кыргызстан боюнча “Жеңиш күнү” ыры жаңырат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Министрлик баардык кыргызстандыктарды бизге Жеңиш күнүн тартуулаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин баатырлыгынын урматына 2020-жылдын 9-май күнү саат 12:00дө терезелерди жана балкондорду ачып, “Жеңиш күнү” ырын жаңыртып, аны бирге ырдоого чакырат.

"Бул күнү алыскы айылдардан тартып Кыргызстандын борбор калаасына чейин “Жеңиш күнү” ыры менен бирге согуш мезгилиндеги майдан ырлары жаңырсын!", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий