• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жеңишке 75 жыл: Куткаруучулар Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттукташты

Жеңишке 75 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. 1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жылдыгын утурлай куткаруучулар согуштун ардагерлерин куттукташты. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары Чүй облусунун Москва районунунда жашаган согуштун ардагерлеринен кабар алышты. Алар ардагерлерге азык-түлүк баштыгы менен баалуу белектерди тапшырышты.

“Согушка миңдеген кыргызстандыктар катышып, алардын көрсөткөн эрдигин түбөлүккө сактап, жаш муунга жеткирүүгө иш-чаралар уюштурулууда жана бүгүнкү күндө эң оболу арабыздагы көзү тирүү ардагерлерди бапестеп багып, урмат-сый көрсөтүүгө бүткүл кыргыз эли милдеттүүбүз”, – деди ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун командири Кумар Ахматов.

Пикир

Оставить комментарий