• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жеңишке 75 жыл. Согушка катышкан маданият ишмерлери

Жеңишке 75 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согушка катышкан кыргызстандык акын-жазуучулар, искусство ишмерлери жана фронтко маданий иш-чаралар менен баргандардын тизмесин сунуштайт.

Бул жолу сунуш белгилүү котормочу, прозаик, акын жана драматург Абдукаимов Узакбай, жазуучу, журналист жана котормочу Абдукаримов Мамасалы жана Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмери Абдылдаев Насыркул жөнүндө маалымат сунушталат.

Узакбай Абдукаимов

Узакбай Абдукаимов – белгилүү котормочу, прозаик, акын жана драматург. Анын "Майдан" романы экинчи дүйнөлүк согуш мезгилиндеги майдандагы жана ооруктагы кыргыздардын татаал тагдырын чагылдырат. Белгилүү котормочу, прозаик, акын жана драматург Узакбай Абдукаимов 1909-жылы Ош облусунун Октябрь районуна караштуу Багыш айылында туулган. 1919-жылы Көк-Арт интернатына кирип, аны бүткөндөн кийин 1922-жылдан 1925-жылга чейин Ташкенттеги казак-кыргыз институтунда окуп, Фрунзедеги (Бишкек) Кыргызстан педтехникумга которулган. Аны 1929-жылы бүтүрүп чыгат да, мектепте директор болуп иштейт. 1942-жылы Улуу Ата Мекендик согушка катышат. 1945-жылы согуштан кайткандан кийин Кыргызстан мамлекеттик басмасында, Жазуучулар союзунда эмгектенген.

Мамасалы Абдукаримов

Мамасалы Абдукаримов – жазуучу, журналист, котормочу. 1910-жылы 5-июнда Ош шаарына жакын Жапалак кыштагында туулган. 1921-жылдан тарта Оштогу жетим балдар үйүндө үч жыл тарбияланып, 1924-1930-ж.ж. Ташкенттеги казак-кыргыз агартуу институтунда, кийин Кыргызстандын борбордук педагогикалык техникумунда билим алып, басма сөз кызматтарында иштейт. 1928-1940-ж.ж. "Ленинчил жаш" гезитинде редактор, 1933-1950-ж.ж. "Кызыл Кыргызстан" гезитинде жооптуу катчы, директордун орунбасары жана редактор, Кыргызстан КП Ош обкомунун катчысы, 1950-1957-ж.ж. Кыргызмамбаста бөлүм башчы, 1957-1968-ж.ж. "Советтик Кыргызстан" гезитинде адабий кызматкер болуп иштеген. М. Абдукаримов "Эмгектеги артыкчылыгы үчүн", "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн", В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына "Каарман эмгеги үчүн" медалы жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун бир нече Ардак грамоталары менен сыйланган. Фрунзе шаардык комитетине, Кыргызстан КП Ош обкомуна мүчө болуп жана Ош облустук Советине элдик депутат болуп шайланган.

Насыркул Абдылдаев

Насыркул Абдылдаев – 1919-жылы Жайыл районуна караштуу Моңолдор кыштагында туулган. Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1969). Фрунзедеги педагогикалык орто окуу жайын (1938) жана Кыргызстан Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин алдындагы партиялык мектепти бүтүргөн (1948-жыл). Эмгек жолун Калинин районундагы Бөксө-Жол кыштагындагы башталгыч мектебинде директор болуп баштаган. 1939-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, Ыраакы Чыгыштагы Комсомольск-на Амуре шаарында кызмат өтөйт. Япония менен болгон согушка катышып, 1945-жылдын октябрында согуштан кайткан. 1948-55-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин алдында иш башкаруучу жана анын алдындагы Маданият министрлигинде орун басар, башкы башкармачылыктын башчысы жана коллегия мүчөсү болгон. Согуштагы эрдиктери үчүн Улуу Ата Мекендик согуштун II даражадагы жана "Кызыл Жылдыз" ордендери, бир нече медалдар менен сыйланган.

Тизме уланат

Пикир

Оставить комментарий