• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жеңишке 77 жыл. Коргоо министрлиги согуш ардагерлерин куттуктады

Коом 0

Бишкек, 06.05.22. /Кабар/. Коргоо министрлиги Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 77 жылдыгын утурлай, согуштун ардагерлерин даректүү куттуктоосун уюштурду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анда аскердик башкаруу органдарынын жетекчилери Бишкек шаарында жашаган согуштун ардагерлерине барышып, Жеңиш майрамы менен куттукташты.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жылуу куттуктоолордон тышкары азык-түлүк топтому камтылган аскер мүшөгүн (вещевой мешок ) жана “Фронттун 100 граммы” берилди.

Согуштун ардагерлерин куттуктоо – Коргоо министрлигинин аскердик оркестринин согуш жылдарындагы ырларын аткаруусу жана Куралдуу күчтөрдүн Улуттук гвардиясынын ардак кароол ротасынын көрсөтмөлөрү менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий