• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жеңиштин 75 жылдыгы: Ала-Бука районунда согуш ардагерлерине унаалар тапшырылды

Жеңишке 75 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда Улуу Ата Мекендик согуштун эки катышуусуна "ВАЗ 2107" үлгүсүндөгү автоунаалар тапшырылды. Бул тууралуу Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-майда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда чакан топтун катышуусунда Улуу Жеңиштин 75 жылдык мааракеси белгиленди. Иш-чара "Белгисиз жоокердин" эстелигине гүл чамбар коюу менен башталып, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын дарегине куттуктоо сөздөрү айтылган.

"Улуу Ата Мекендик согуштун эки катышуучусуна райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери жана айыл өкмөт башчыларынын демилгеси менен автоунаа белек кылынды. Алар - Айры-Там айылынын 94 жаштагы тургуну Н.Нармырзаев жана Баймак айылынын 94 жаштагы тургуну А. Хайдаров", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле оорукта эмгектенген энелерге атайын белектер тапшырылган.

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына арналган чакан митинг-реквиемге райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Э.Абдыкадыров, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабеков катышкан.

Пикир

Оставить комментарий