• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жеңиштин 75 жылдыгын белгилөөнүн алкагында согуш ардагерлеринин ар бирине 70 миң сомдон берүү керек - депутат

Жеңишке 75 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. Жеңиштин 75 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлеринин ар бирине 70 миң сомдон берүү керек. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

“Учурда жашап жаткан 220дай ардагерге менин эсебим боюнча 15 млн 400 миң сом кетет. Жылдан-жылга саны азайып бара жаткан ардагерлерибизге көңүл буруп, дөөлөттүү карылыгын татыктуу жашап өтүүсүнө көмөк көрсөтүшүбүз керек”, – деди депутат Дастан Бекешев.

Пикир

Оставить комментарий