• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жеңиштин 75 жылдыгына карата драма театрынын артисттери тарабынан даярдалган онлайн адабий кече өтөт

Жеңишке 75 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 8-майда саат 15:10до Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттери тарабынан даярдалган онлайн адабий кече өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кече Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналып, согуш жылдарындагы ырлардан үзүндүлөр, фронттон келген каттар окулуп жана монологдор айтылат.

Ага Кыргыз Республикасынын эл артисттери Марат Алышпаев, Гүлайым Каниметова, Тынара Абдразаева, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев жана театрдын алдыңкы артисттери Альбина Имашева, Жеңиш Сманов, Эржан Осмонов жана башкалар катышат.

Адабий кеченин жүрүшү “ЭлТР” телерадиокомпаниясынын, КТРКнын “Маданият. Тарых. Тил” каналынын эфиринен жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин фейсбуктагы баракчасы аркылуу түз көрсөтүлөт

Пикир

Оставить комментарий