• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жеңиштин 75 жылдыгына карата согуш ардагерлери КР менен РФнын мааракелик медалдары менен сыйланууда

Жеңишке 75 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. Республиканын аскер комиссарлары жергиликтүү администрация жана бийликтин өкүлдөрү менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл" мааракелик медалдарын тапшырууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Ошондой эле ардагерлер менен ооруктун эмгекчилерине Россиянын президентинин атынан "1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл" мааракелик медалдары тапшырылууда.

Кыргызстанда 234 согуш ардагери жана 1 миң 769 ооруктун эмгекчисине медалдар тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий