• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жеңиштин 77 жылдыгы: Баткенде “Самат Садыков” даректүү тасмасы тартууланды

Аймак 0

Бишкек, 10.05.22. /Кабар/. Баткен шаарындагы “Октябрь” кинотаетрында Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыковдун жаркын элесине арналган даректүү тасма тартууланды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара 9-май — Улуу Жеңиш майрамына карата өткөрүлдү. Ага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Облус башчысы даректүү тасманын башталышында сөз сүйлөп, фильмдин сценарийин жазган жана режиссеру Алим Токторовдун эмгеги туурасында жылуу пикирин айтып, ийгиликтерди каалоо менен ыраазычылыгын билдирди.

Эскерте кетсек, Самат Садыков 1920-жылы Ош облусунун Кара-Сай айылында жарык дүйнөгө келген. Ал Берлинди алуудагы согушка катышып, курман болгон. Ага жогорку даражадагы Советтер Союзунун баатыры (1945-жылы) наамы ыйгарылган.

Пикир

Оставить комментарий