• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жеңиштин 77 жылдыгына карата "Баатыр баяны" тасмасынын бет ачары өтөт

Маданият 0

Бишкек, 09.05.22. /Кабар/. Улуу Жеңиштин 77 жылдыгын майрамдоонун алкагында Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин эрдиги тууралуу жаңы тартылган көркөм тасманын бет ачары өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тасманын бет ачары 9-майда саат 14:00дө Кыргыз улуттук тарых музейинде өтмөкчү.

Эске салсак,Кыргыз Республикасынан 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушта биздин чоң аталарыбыз жан аябай мекенин коргоп, артка көбү кайтпай калгандардын арасынан 75 жоокерибиз Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болгон.

Алардын бири унутта калган Тукубай Тайгараевдин эрдиги. Ал 1944-жылы Латвиянын Лузда шаарынын жанында өзүнүн чалгындоо тобу менен душмандардын координаттарын артиреллиялык полкко беришип, аларды толугу менен талкалоого көмөк көрсөткөн. Бирок чалгындоо тобу менен буктурмага кабыл болушуп, Т.Тайгараев акыркы гранатысын жардырып, тегерегиндеги душмандар менен кошо курман болгон. Көрсөткөн эрдиги үчүн 1945-жылы март айында Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.

“Баатыр баяны” көркөм-даректүү тасмасы Советтер Союзунун маршалы А.И.Еременконун “Годы возмездия” повестинин негизинде “Катаган продакшен”, “Куткелди фильмс” жеке менчик студиялар тарабынан тартылды. Чыгармачылык топ тасманы башкы каармандын туулуп өскөн айылынан, ошондой эле Латвиядан, Кара-Калпакстандан, Татарстандан, Башкыртостандан, Чувашиядан тартып келишти.

Пикир

Оставить комментарий