• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жеңиштин 77 жылдыгына карата Ошто бир катар майрамдык иш-чаралар өтөт. Программасы

Аймак 0

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. Ош шаарында 1-9-май аралыгында майрамдык иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чаралардын программасы:

1-май (саат 10:00) - Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата эмгекчилердин тынчтык жүрүшү;

1-май (саат 10:00) - Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата Т.Сатылганов жана А.Навои атындагы парктарда спорттук мелдештер;

4-май (саат 10:00) - Ош шаарынын борбордук аянтында Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата массалык веложарыш;

5-май (саат 16:00) - Конституция күнүнө арналган Ош жана Андижандын маданият ишмерлеринин катышуусунда борбордук аянтта “Футбол шоу” иш-чарасы;

6-май (саат 16:00) - Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата “Алымбек-Датка” этнографиялык комплексинде “Этно-Ош” фольклордук тобунун концерттик программасы;

7-май (саат 16:00) - “Бирдей” инклюзивдик фестивалы;

7-май (саат 16:00) - А.Навои атындагы сейил багында Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата “Улуу Мурас” фольклордук тобунун концерттик программасы;

8-май (саат 18:00) - Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата “Алымбек-Датка” этнографиялык комплексинде концерттик программа;

9-май (саат 10:00) – “Өчпөс от” мемориалдык комплексинде митинг-реквием;

- Токтогул Сатылганов атындагы сейил багында майрамдык программа;
- Согуштун ардагерлери жана тыл эмгекчилери үчүн жоокердик ботко;
- “Согуш жылдарындагы ырлар” оркестринин концерттик программасы;
- “Келечек” балдар чыгармачылык борборунун концерттик программасы;
- “Шайыр апалар” фольклордук тобунун майрамдык программасы;

9-май (саат 10:00) - Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата Т.Сатылганов жана А.Навои атындагы парктарда спорттук мелдештер;

9-май (саат 18:00) – А.Сүйүмбаев атындагы стадиондо Ош шаарынын “No name” жана Андижандын “БРАВО” КВН командаларынын катышуусунда “Достук” эл аралык кубогунун концерттик майрамдык программасы.

Пикир

Оставить комментарий