• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖЭБде көмүрү түшүрүлбөгөн унаалар турат. Зилалиев жөнгө салууну убада кылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.11.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов парламенттин жыйынында ЖЭБде кэи күндөн бери унаалар көмүрүн түшүрө албай турушканын билдирди.

Депутат бул жагдай боюнча түшүндүрмө берүүнү сурады.

“Электр станциялары” ААКнын башкы директору Узак Кыдырбаев бул станциядагы тараза маселесине байланыштуу экенин маалымдады. “Бул маселе чечилүүдө. Мындан тышкары, көмүр ташуу боюнча артта калуу бизде жок экенин белгилеп кетким келет. Тескерисинче, биз алдыга озуу менен иштеп жатабыз”,- деп ишендирди ал.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев парламенттин жыйынынан кийин дароо ЖЭБге барып, жагдай менен таанышып, жооп берүүнү убада кылды.

Белгилей кетсек, бүгүн парламент өкмөттүн өлкөнүн кышка даярдыгы тууралуу маалыматын угууда.

Пикир

Оставить комментарий