• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЖЭБдеги авария боюнча иш. “Электр станциялардын” өкүлү сурак бере баштады

Коом 0

Бишкек, 18.06.19 /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Бишкетеги Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) болгон авария боюнча кезектеги соттук отурум өтүүдө.

Жыйындын жүрүшүндө жабыр тарткан тарап “Электр станциялар” ишканасынын өкүлүнөн сурак алуу башталды.

Анын айтымында, авариядан келтирилген зыянды жоюу үчүн 8 млн. сомдон ашык каражат коротулган. Цехтерди жылытуу үчүн кошумча жабдыктар сатылып алынган. Ошондой эле кызматкерлерге жумуштан тышкары кызматы үчүн да айлык төлөнгөн.

Жабырлануучу тараптын өкүлү кошумчалагандай, бул маселе буга чейин Биринчи май райондук сотунда көтөрүлгөн. Анда бухгалтерлер келип толук жоопторду беришкен.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардыктардын батирлерине жылуулук берилбей калган. ЖЭБдин иши 2-февралда калыбына келтирилген.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо документтерди даярдоо, кол коюу жана ишке киргизүүдө коррупция фактылары табылып, ал боюнча кылмыш иши козголгон.

Пикир

Оставить комментарий