• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек ЖЭБдеги авария: Кошумча күбөлөр айыпталуучулар сурак бергендин кийин суралат

Коом 0

Бишкек, 14.03.19 /Кабар/. Бүгүн, 14-мартта Биринчи май райондук сотунда Бишкектеги Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария боюнча соттук процесс өттү. Анын жүрүшүндө кошумча күбөлөрдөн сурак алуу тууралуу өтүнүч келтирилген.

Бирок ал өтүнүч четке кагылды. Сот билдиргендей, кошумча күбөлөр айыпталуучулар суракка бергенден кийин суралат.

Эскерте кетсек, Бишкек ЖЭБиндеги авария 2018-жылы 26-январында болгон. Анын айынан Бишкек шаарынын көп бөлүгү жылуулуксуз калган.

Ал боюнча Кыргызстандын башкы прокуратурасы Кылмыш кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык ("Шалаакылык") кылмыш ишин козгогон.

Белгилей кетсек, “Улуттук энергохолдинг компаниясы" ААКнын мурдагы жетекчиси Айбек Калиевге, "Электр станциялары" ААКсынын Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча башкаруу тобунун директору Темирлан Бримкуловго жана "Электр станциялары" ААКсынын мурдагы төрагасы Узак Кыдырбаевге Кылмыш кодексинин 221-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-2 пункту ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу") боюнча айып тагылууда.

Ошондой эле, аталган берене боюнча "Электр станциялары" ААКсынын төрагасынын мурдагы орун басары Бердибек Боркоев, ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу, башкы инженер Нургазы Курманбеков, “Улуттук энергохолдинг компаниясы" ААКнын төрагасынын мурдагы орун басары Нурлан Садыков айыпталышууда.

Пикир

Оставить комментарий