• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖЭБдеги авария боюнча иш: От казандары үчүн эң негизгиси чаңдан жана кардан сактоо - айыпталуучу

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.07.19 /Кабар/. Бишкек шаардык сотунда Жылуулук электр борборунда болгон авария боюнча соттук отурум өтүүдө.

Отурум айыпталуучу “Электр санциялары” ишканасынын мурунку жетекчиси Узак Кадырбаевден сурак алуу менен башталган.

“Баардык тоңуп калган от казандар - убагында өчүп жана ээритилбей калган казандар. Бир суткадан кийин биз 5 от казанды кое берип, алар тоңгон эмес. Бишкек ЖЭБне желдетүү керек. От казандар дайыма жылыткычтын ролун аткарып, алардын жылуулугу сакталып келет. Ар бир от казанында жарым ачык типтеги 4/5 кезек бар. Алардын бир жагы дубалдын бир бөлүгү. От казандар үчүн эң негизгиси чаңдан жана кардан сактоо. Тосулма бир гана кардан жана жамгырлардан сактап, бирок жылуулукту кармабайт”, - дейт Кадырбаев.

Ал кошумчалагандай, от казандар үчүн -30 градустук температура аномалдуу төмөн болуп саналбайт, бул жада калса ГОСТто жазылган.

Эскерте кетсек, 26-январда кечинде Бишкек ЖЭБде авария болуп, шаардыктардын батирлерине жылуулук берилбей калган. ЖЭБдин иши 2-февралда калыбына келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий