• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ЖЭБдеги авария боюнча сот: “Бишкек жылуулук түйүндөрү” келтирилген зыяндын суммасын төмөндөттү

Коом 0

Бишкек, 09.04.19 /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда бүгүн жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) болгон аварияга байланыштуу соттук иш каралууда. Анын жүрүшүндө сот айыпталуучулардан сурак алып, учурда иштин материалдарын кароого киришкен.

Биринчи май райондук сотуна “Бишкек жылуулук түйүндөрү” ишканасынан келтирилген зыяндын суммасы 26 млн. 361 миң сомго чейин төмөндөтүлгөндүгү тууралуу билдирүү келген.

Эскерте кетсек, 26-январда кечинде Бишкек ЖЭБде авария болуп, шаардыктардын батирлерине жылуулук берилбей калган. ЖЭБдин иши 2-февралда калыбына келтирилген.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо документтерди даярдоо, кол коюу жана ишке киргизүүдө коррупция фактылары табылып, ал боюнча кылмыш иши козголгон. Эксперттердин тыянагы боюнча мамлекетке жалпысынан 5 млрд.сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий