• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖЭБдеги авария боюнча сот: Отурум жактоочунун ооруп калгандыгына байланыштуу жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.07.19 /Кабар/. Бүгүн, 19-июлда Бишкек шаардык сотунда Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) болгон авария боюнча соттук отурум өтүүдө.

Бирок отурум жактоочунун ооруп калгандыгына байланыштуу башка күнгө жылдырылды. Бүгүнкү отурумдун жүрүшүндө эксперт күбөлөрдөн жана айыпталуучулардан сурак алыныш керек болчу. Эми кийинки отурум 23-июлда өтмөкчү.

Эскерте кетсек, 2018-жылы 26-январда Бишкек ЖЭБде авария болуп, шаар тургундарына жылуулук берилбей калган.

Белгилей кетсек, “Улуттук энергохолдинг компаниясы" ААКнын мурдагы жетекчиси Айбек Калиевге, "Электр станциялары" ААКсынын Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча башкаруу тобунун директору Темирлан Бримкуловго жана "Электр станциялары" ААКсынын мурдагы төрагасы Узак Кыдырбаевге Кылмыш кодексинин 221-беренеси ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу") боюнча айып тагылууда.

Ошондой эле, аталган берене боюнча "Электр станциялары" ААКсынын төрагасынын мурдагы орун басары Бердибек Боркоев, ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу, башкы инженер Нургазы Курманбеков, “Улуттук энергохолдинг компаниясы" ААКнын төрагасынын мурдагы орун басары Нурлан Садыков айыпталышууда.

Мындан мурдараак Биринчи май райондук сотунун чечими менен Айбек Калиев 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылган жана 100 миң сом айыпка жыгылган. Жаза өтөө мөөнөтү 2018-жылдын 18-апрелинен башталган.

Нурлан Садыков 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылган жана 100 миң сом айыпка тартылган. Садыковдун жаза өтөө мөөнөтү 2019-жылдын 19-апрелинен тарта белгиленген.

Темирлан Бримкулов 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылган жана 100 миң сом айыпка тартылган. Жаза өтөө мөөнөтү 2018-жылдын 3-апрелинен тарта белгиленген.

Узак Кыдырбаев 2 эпизоддун ар бири боюнча 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылган жана 100 миң сом айыпка тартылган. Соңку чара катары 4 жылга эркинен ажыратуу жана 150 миң сом айып белгиленген. Жаза өтөө мөөнөтү 2018-жылдын 1-апрелинен тарта башталган.

Бердибек Боркоев 8 жылга эркинен ажыратылып, 150 миң сом айыпка жыгылган. Жаза өтөө мөөнөтү 2018-жылдын 3-мартынан тарта белгиленген.

Нурлан Өмүркул уулу 4 жылга эркинен ажыратылып, 150 миң сом айыпка жыгылган. Сот залында камакка алынган.

Нургазы Курманбеков 4 жылга эркинен ажыратылып, 150 миң сом айыпка жыгылган. Сот залында камакка алынган.

Кийинчерээик Боркоев, Садыков менен Курманбеков тергөө менен келишимге барып, өз күнөөлөрүн моюнуна алган.

Андан кийин Бишкек шаардык соту Курманбеков менен Садыковго 300 миң сом айып салган. Нурлан Өмүркул уулу да 300 миң сомго айыпка тартылып, камакка алуу баш коргоо чарасы жокко чыгарылган. Боркоев да 300 миң сом айыпка жыгылып, шарттуу түрдө 7 жылга эркинен ажыратылган. Ага 3 жыл сынак мөөнөтү каралган. Өкүм чыккандан кийин айыпталуучулар кое берилген.

Пикир

Оставить комментарий