• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖЭБдеги авария: Имаратты жылытуу максатында от жаккан күндөр болгон – Воропаев

Коом 0

Бишкек, 19.02.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) болгон авария тууралуу кезектеги отуруму өттү.

Суракка алынган күбөлөрдүн бири Бишкек ЖЭБнин оңдоп-түзөө жана электрондук-техникалык жабдыктарды колдонуу боюнча башкы инженердин (ошол кездеги) орун басары Андрей Воропаев болду.

Анын айтуусунда, эгер имаратта ремонт жасалып, терезелери сынык эмес, абалы жакшы болсо, авариянын алдын алуу мүмкүн болмок.

“Имараттын абалы начар болгондуктан, анын ичинде абанын температурасы абдан төмөн болгон. Чындыгында мындайга жол берилбейт. Имараттын ичинде абанын температурасы 10 градустан ылдый болбошу керек, а бизде суу ошол замат тоңуп калып жаткан”, - дейт мурунку инженер.

Ал кошумчалагандай, ошол 27-январь күнү химцехте эки жел үйлөгүч иштеп, суу берип жаткан.

“Негизи эреже боюнча бир эле үйлөгүч иштеши керек, бирок ошол күнү экөө тең иштеп жаткан. Эмнеге деп сурасам, ушундай тапшырма болгон дешти. Кийинчерээк бирөөсүн резервге токтотушкан”, - дейт Воропаев.

Андан тышкары ал, имаратты жылытыш үчүн ал жакта бочкалардын ичине от жагып, датчиктерди жылыткан күндөр болгондугун айтты.

“Биздин имарат стратегиялык кооптуу болуп саналат. Ал жерде от жакмак тургай, тамеки чегүүгө тыюу салынган. Бул абдан кооптуу. Бирок, биз айла жоктон ошондой кадамдарга бардык. Башка арга жок болчу”, - дейт А.Воропаев.

Мурунку инженер, кыш-күз мезгилине камдануу жараяны тууралуу айтып берди. Адегенде, өкмөттүн жобосу апрель айында чыкканда “Электр станциялары” андан кийин ЖЭБ боюнча буйрук чыгат. Андан соң оңдоп-түзөө иштери боюнча мөөнөт коюлуп, комиссия дайындалат. Комиссия тараптан баардык филиал боюнча кыш мезгилин өтүү боюнча баа берилет.

Кийинчерээк баардык кемчиликтер четтетилип, комиссия кайра текшерүү жүргүзөт.

Ал эми жактоочунун ЖЭБдеги авариянын негизги себеби эмне? - деген суроосуна Воропаев суунун жетишсиздиги жана суук деп жооп берди.

“Эскерте кетсек, былтыр 26-январда кечинде Бишкек ЖЭБде авария болуп, шаардыктардын батирлерине жылуулук берилбей калган. ЖЭБдин иши 2-февралда калыбына келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий