• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖЭБдеги авария: Нурлан Садыков көрсөтмө берди

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.03.19 /Кабар/. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кечээ, 28-мартта Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) болгон авария боюнча соттук процесс өтүп, алгач , ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов көрсөтмө берди.

Андан соң, "Улуттук энергохолдингдин" жетекчисинин орун басары Нурлан Садыков сурак берген.

Эскерте кетсек, былтыр 26-январда кечинде Бишкек ЖЭБде авария болуп, шаардыктардын батирлерине жылуулук берилбей калган. ЖЭБдин иши 2-февралда калыбына келтирилген.

Башкы прокуратура тарабынан КРнын кылмыш Кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгүндө (шалаакылык) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Пикир

Оставить комментарий