ЖЭБдеги авария: Сот кылмыш ишинин материалдарын кароого киришти

Укук тартиби 0

Бишкек, 034.04.19 /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун сотунда жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария боюнча териштирүү иш икаралууда.

Соттук отурумдун жүрүшүндө “Электр станциялар” ишканасынын мурунку-төрагасы Бердибек Боркоевден сурак алуу жүрмөк, бирок айыпталуучу андан баш тарткан.

Андан соң сот кылмыш ишинин материалдарын кароого киришти.

2018-жылдын 2-апрелинде Бишкек ЖЭБнин, “Электр станциялар” ишканасынын жана “Улуттук энерго холдинг кампаниясынын” кызматкерлерине кылмыш иши козголгон.

Өз милдеттерин так аткарбагандыктан борбордук ЖЭБде авария болуп, шаар тургундары бир нече күн жылуулуксуз калышкан.

Эскерте кетсек, 26-январда кечинде Бишкек ЖЭБде авария болуп, шаардыктардын батирлерине жылуулук берилбей калган. ЖЭБдин иши 2-февралда калыбына келтирилген.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо документтерди даярдоо, кол коюу жана ишке киргизүүдө коррупция фактылары табылып, ал боюнча кылмыш иши козголгон. Эксперттердин тыянагы боюнча мамлекетке жалпысынан 5 млрд.сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий