• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖЭБдеги аварияга байланыштуу биринчи ачык соттук отурум башталды

Коом 0

Бишкек, 03.04.19. /Кабар/. Бүгүн Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча биринчи ачык соттук териштирүү иштери башталды.

Соттун имаратында айыпталуучулардын көптөгөн туугандары, тарапташтары жана ММК өкүлдөрү чогулган.

Соттук жыйын учурунда мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу судьядан чоң бөлмө берүүнү өтүнгөн. Анткени бул бөлмөнүн ичинде бир нече тарапташтар, айыптоочу тарап жана бир-эки кабарчылар гана кирип, калгандары батпай эшикте күтүүдө. Бирок судья бул имараттын ичиндеги эң чоң бөлмө экендигин айткан.

Эскерте кетсек, 26-январда кечинде Бишкек ЖЭБде авария болуп, шаардыктардын батирлерине жылуулук берилбей калган. ЖЭБдин иши 2-февралда калыбына келтирилген.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо документтерди даярдоо, кол коюу жана ишке киргизүүдө коррупция фактылары табылып, ал боюнча кылмыш иши козголгон. Эксперттердин тыянагы боюнча мамлекетке жалпысынан 5 млрд.сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий