• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖЭБдеги аварияга байланыштуу жылуулук үчүн 7 күндүк акыны төлөшпөйт – Улуттукэнергохолдинг

Коом 0

Бишкек, 07.02.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Бишкек ЖЭБде болгон аварияга байланыштуу калаа тургундары 7 күндүк жылуулук үчүн акыны төлөшпөйт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Улуттукэнергохолдингдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шаар тургундары Бишкек ЖЭБдеги бузулуудан улам жылуулук берилбей калгандыгына байланыштуу 27нен 31-январь күндөрүнүкүн төлөшпөйт.

“Улуттук энергетикалык холдинг Бишкек жылуулук тармагына 1-2-февраль күндөрүн да эсепке кошпоону сунуштаган. Ошентип, Бишкектин тургундары 7 күндүкүн төлөшпөйт”,-деп түшүндүрүштү холдингдин басма сөз кызматынан.

Алсак, калкка жылуулук үчүн акы 1нен 26-январь жана 3-февралдан тарта жазылат.

Эске сала кетсек, 26-январда болжол менен кечки саат 18:00 чамасында Бишкек ЖЭБде авария катталган. Ага байланыштуу үйлөрдөгү жылуулуктун көсөткүчү кескин төмөндөп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий