• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖЭБдеги коррупция боюнча соттук отурум бир жумага жылдырылды

Коом 0

Бишкек, 03.04.19. /Кабар/. Бүгүн Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча соттук териштирүү иштери башталган.

Жыйындын башында бир нече жактоочулар жок экендиги билинип, сот ишти 10-апрелге жылдырды.

Эскерте кетсек, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо документтерди даярдоо, кол коюу жана ишке киргизүүдө коррупция фактылары табылып, ал боюнча кылмыш иши козголгон. Эксперттердин тыянагы боюнча мамлекетке жалпысынан 5 млрд. 439 млн. сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий